10:24, 13-март, 2026

Өзбек президентинин мурдагы басма сөз катчысына кол салган дагы бир шектүү Түштүк Кореядан кармалды

На русскомEnglish
13:12, 21-ноябрь, 2024 2271

АКИpress - Түштүк Кореянын Сеул шаарында Өзбек Республикасынын президентинин мурдагы басма сөз катчысы Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салган шектүүлөрдүн бири колго түшүрүлдү. Мындай маалыматты «Азаттык» («Озодлик») булактарына таянуу менен жарыялады.

Андагы маалымат боюнча, окуядан кийин Ташкент шаарында туулган 36 жаштагы Жавлон Юнусовго карата «Интерпол» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Ал адам өлтүрүү аракети менен кол салууга шектелип, «кызыл белги» — оор кылмыш боюнча издөөдө болчу.

26-октябрда саат 01:40та Ташкент облусундагы Кибрай районунун Ифор көчөсүндө бара жаткан «Range Rover» үлгүсүндөгү жол тандабаска ок атылган. Ок чыгарган 2 эркек киши ал жерден качып кетүүгө жетишкен болчу. Алгач Өзбекстандын Башкы прокуратурасы автоунаанын айдоочусу С.С. болгонун айтып, бирок Алламжоновдун ысымы аталган эмес.

Бул факт боюнча Өзбек Республикасынын Кылмыш кодексиндеги бир нече берене менен кылмыш иши козголгон: 25-берене («Кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу»), 97-берене («Атайын киши өлтүрүү»), 248-берене («Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү»).

Буга чейин аталган кылмышка шектелип 4 адам кармалып, бирок аты-жөнү ачык айтылган эмес.

40 жаштагы Комил Алламжонов Өзбекстандын президентинин басма сөз катчысы болуп 2017-жылдын декабрь айынан тарта 2018-жылдын октябрь айына чейин эмгектенген. Андан кийин Өзбекстандын Басма иши жана маалымат агенттигинин башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул агенттик кийин Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги болуп алмашкан. Ал эми Алламжоновдун орун басары болуп Өзбекстандын учурдагы президентинин кызы Саида Мирзиёева эмгектенген.

2020-жылдын январь айында Алламжонов менен Мирзиёева аталган агенттиктен кеткенин жарыялап, Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук фонд түзүшкөн. Алламжонов фонддогу камкорчулар кеңешин жетектесе, Мирзиёева анын орун басары болгон.

2022-жылдын жайында Алламжонов Президенттик администрацияга кайтып барып, аталган органдын жетекчисинин орун басары болгон. Анда коомдук пикирди талдоо жана маалыматтык саясатка байланыштуу маселелерди карады.

К.Алламжонов 2023-жылдын август айында Президенттик администрациянын маалыматтык саясат департаментинин жетекчиси болуп дайындалып, бул кызматын 2024-жылдын 30-сентябрында өз каалоосу менен тапшырган. Бул жеке тармакта эмгектенүү тууралуу планы менен байланыштуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»